Владимир Путин Бишкекти Орусиядан кошо ала келген «Аурус» лимузини менен кыдырат
10:44, 28 марта 2019, Бишкек - 24.kg
Орусиянын президентин ташып келген учак анын жеке унаасын кошо ала келген. Бишкектин ичинде Владимир Путин «Аурус» лимузини менен жүрөт.

Орусиянын президентинин жаңы унаасын алгачкы жолу былтыр 7-майда кызматка киришип жатканда баары көрүшкөн.
Эске салсак, Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Анда эк өлкө ортосунда 30дан ашуун документке кол коюлаары күтүлүүдө.