USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор MMA`ден кетти

15:04, 26 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор MMA`ден кетти. Мындай кадамын ал социалдык тармактагы баракчасына бүгүн жазганын Super.kg сайты маалымдады.

«Достор, бүгүн ММА аттуу спорттон кетүүнү чечтим. Кесиптештеримдин баарына алдыдагы беттештерде ийгиликтерди каалайм. Мен эми буга чейин карьерасын жыйынтыктаган мурдагы кесиптештеримдин катарына кошулам. Башкача айтканда, эми пенсиядамын», — деп жазды Макгрегор.

Макгрегор 2018-жылдын октябрь айында UFC`нин чемпиондук куру үчүн өткөн беттешинде орусиялык Хабиб Нурмогамедовдон жеңилип калган. Ал жалпы жонунан 25 беттеш өткөрүп 21 жолу жеңишке жетишкен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18