USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Оштогу Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадион толугу менен оңдоодон өтөт

09:13, 26 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадион толугу менен оңдоодон өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, учурда стадиондун дарбазасы, тепкичтер, VIP-зал, чуркоо тилкеси, жуунуучу жай жана ажатканасы оңдолуп жатат.

«Сынган отургучтар алмаштырылып, стадиондун административдик имаратынын сырты оңдолууда», — деп жазылат маалыматта. 

Аталган стадион 1960-жылы курулуп, 12 миң көрүүчүгө ылайыкташкан.



БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18