USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Токмок шаардык милициясы дайынсыз жоголгон Лейла Сусинаны издөөдө

16:47, 25 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Токмок шаардык милициясы дайынсыз жоголгон 2005-жылы туулган Лейла Сусинаны издөөдө. Бул тууралуу Чүй облустук милиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, изделип жаткан кыз 17-мартта болжол менен саат 07:30дар чамасында Саадаев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып, кайра кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, орточо дене түзүлүштөгү, чачы ийининен узун, сары, көзү күрөң.

Кийимдери: Спорттук кийимчен (шымы кара, үстүндөгү кийими боз-жашыл) бутунда кара түстөгү ботинка.

Изделип жаткан кыздын кайда экенин билгендер болсо, Токмок шаардык ИИБнин күзөт бөлүмүнө төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(321)60-73-63, 0-3138-6-31-02, Криминалдык милиция кызматынын издөө бөлүмү: 0709 07 21 56, 0551 102 753.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18