USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Спортчу Дарья Маслова Ташкентте өткөн мелдеште алтын медаль тагынды

09:05, 25 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Спортчу Дарья Маслова Ташкентте өткөн мелдеште алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, Нооруз майрамына карата уюштурулган мелдешке 2 миң 500дөн ашуун спортчу катышкан.

21 чакырым 97 метр аралыктагы жарым марафондо жөө күлүк Дарья Маслова алтын медаль менен кошо 12 миллион сум өлчөмүндөгү байгени жеңип алды. Аталган аралыкты ал 1 саат 12 мүнөт 30 секундда басып өткөн.


БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18