USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан кийин 7 кылмыш иши козголду

09:59, 19 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан кийин 7 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын маалыматында, мамлекеттер аралык топ кылмыш иштерин чогуу тергейт.

«Жети кылмыш ишинин үчөө адам өмүрүнө кол салуу айыбы менен биздин жарандарга атылган ок боюнча козголгон. Аскер прокуратурасы мамлекеттер аралык топту түзүп ага Кыргызстан менен

Тажикстандын ИИМ, УКМК өкүлдөрү кирди», — деп маалымдашты.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун Ак-Сай, Көк-Таш айылын жашоочулары жана Тажикстандын Ворух аймагынын тургундары менен чыр чыккан. Эки тараптын чек арачылары элди басуу үчүн асманга ок чыгарышкан. Жыйынтыгында тажик тараптан 2 киши каза болуп, Кыргызстандан бирөө жаракат алган. 14 март күнү түштө кырдаал курчуп, Баткендин ички иштер кызматкерине ок тийген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18