USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Министрлик: Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 185 бейтап кайрылды

12:20, 15 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (14.03.19ж.) 185 бейтап кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрылгандардын ичинен 127си жаш балдар.

«Кайрылгандардын 53ү ооруканага жаткырылган, алардын 46сы жаш балдар. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 42 адам кайрылса, алардын 16сы ооруканага жаткырылып, 26 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Кызамык менен 11 бейтап кайрылып, алардын 8и ооруканага жаткырылган», -деп билдиришти министрликтен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18