USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте 237 көчөнүн аталышы жок

09:20, 13 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 237 көчөнүн аталышы жок. Бул тууралуу инвентаризация жыйынтыгы боюнча мэриянын отурумунда мамлекеттик статистика шаардык башкармалыгынын башчысы Элмира Мамбеталиева билдирди.

Маалыматка ылайык, аталышы жок көчөлөрдүн басымдуу бөлүгү Свердлов районунда жайгашкан. Алардын саны 122. Ал эми аталышы жок көчөлөрдүн эң аз саны Октябрь районунда орун алган.

«Табличкалары жок көчөлдүн саны 755, анын көпчүлүгү Ленин районунда. Ошондой эле, номурлары жок үйлөрдүн саны боюнча аталган район турат, анын саны 13 миңге жакын», -деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18