USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Муфтият жума кутпаларын башка тилдерде айтууга чектөө койду

08:38, 12 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) бардык диний уюмдардагы иш-кагаздарды жана жума кутпаларын кыргыз тилинде жүргүзүү, зарыл учурда орусча кошуу тууралуу буйрук чыгарды. Муфтий Максатбек Токтомушев буйрукка 6-мартта кол койгон.

Документтин экинчи пунктуна ылайык, кыргыз эмес, башка улуттагы жарандар байырлаган аймактардагы мечиттерде да жума кутпалары кыргызча, зарыл болсо орусча айтылышы керек.

«Ал эми башка учурларда өлкөбүздө жашаган башка этностор мечиттерде өз тилдеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тыюу салынбайт», — деп түшүндүрмө берди Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Буйруктун аткарылышын муфтийдин орун басарлары, шаардык жана облустук казылар, райондордун имам-хатибдери көзөмөлдөйт.

Кыргызстандын калкынын негизги бөлүгүн кыргыздар түзөт, бирок дагы ондогон улут өкүлдөрү байырлашат. Өлкөдө кыргыз тили — мамлекеттик, орус тили — расмий макамга ээ.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18