USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ысык-Көлдө жер силкинди

11:16, 11 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Кечээ, 10-мартта саат 15:23 чамасында Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү Тоң районунун Туура-Суу, Ала-Баш айылдарында 2 баллга чейин жеткен.

Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18