USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Эрнис Чоткараев административдик укук бузуулар тууралуу 1 350 ишти жок кылган

11:14, 11 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Октябрь райондук сотунун качып кеткен судьясы Эрнис Чоткараев административдик укук бузуулар тууралуу 1 миң 350 ишти жок кылган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Майрамбек Жумабеков билдирди.

Айтымында, УКМК судья Кыргызстандан качып кеткенден кийин гана ишти козгоду.

«Жогорку соттун иликтөөсү көрсөткөндөй, Эрнис Чоткараев мас абалда унаа айдоо боюнча административдик иштерди жок кылган. Бул корутундуну Соттук департаменттин комиссиясы дагы тастыктады. Маалым болгондой, Эрнис Чоткараев жардамчыларын, катчыларын чакырып алып соттук отурумдарды ишемби күнү өткөрчү. Бул мыйзамсыз. Судья материалдардын жоголушун соттун архивин суу каптаганына байланыштырды, бирок эч кандай суу каптоо болгон эмес», -деди Майрамбек Жумабеков.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18