USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Карамат Орозова гендердик теңчилдик тууралуу маселени көтөрүп чыкты

11:03, 07 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Депутат Карамат Орозова бүгүн гендердик теңчилдик тууралуу маселени көтөрүп чыкты.

Айтымында, Кыргызстанда Башмыйзамдын бийликте аялдардын теңчилдигин сактоо тууралуу бөлүмү аткарылган жок. Карамат Орозова өлкөдө бир дагы аким же аймактарда өкмөттүн өкүлү болгон аялдар жок экенин айтты.

«Жогорку Кеңеште аялдардын саны 30 пайыз болуш керек, бирок азыр алардын саны болгону 15 пайызды түзөт. Ал эми жергиликтүү кеңештерде алардын саны 10 пайызга жетет. Биз негизги Мыйзамдын нормаларынын аткарылышын талап кылабыз», -деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18