USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чүй облусунда сот аткаруучусу пара алып жаткан жеринен кармалды

09:43, 07 марта 2019, Бишкек - 24.kg

ЖАМКтын Чүй облусуна караштуу Москва районундагы бөлүмүнүн сот аткаруучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, аталган кызматка Н.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал сот аткаруучусу кыймылсыз мүлкүнүн камакка алынышын жокко чыгаруу үчүн, андан 50 миң сом акча талап кылганын айткан.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, сот аткаруучуну акча алып жаткан жеринен кармашты. Учурда ал убактылуу камакка алынды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18