USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын бир катар чет өлкөлөрдөгү элчилерин дайындоого макулдук берилди

15:02, 05 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Ооганстан, Жапония жана Белгьгиядагы жаӊы элчилерин дайындоого макулдугун берди.

Мирослав Ниязовду Ооганстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигине, Мирлан Арстанбаевди Жапониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигине, Муктар Жумалиевди Бельгиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигине дайындоого макулдук берилди.

Эске салсак, январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын АКШ, Россия, Кытай, Түштүк Корея сындуу бир катар өлкөлөрдөгү жаӊы элчилерин дайындоого макулдугун берген. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18