USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандык суучулдар Словакияда 2 алтын, 1 күмүш медаль утушту

08:46, 05 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык суучулдар Словакиядагы Гран-приде ийгиликтүү күч сынашты.

Маалыматтарга караганда, эл аралык мелдештин үчүнчү күнүндө Кыргызстандын курама командасы үч медаль утту. Елизавета Рогожникова эркин стилде 200 метрге сүзүүдө күмүш медаль тагынып, Кыргызстандагы рекордду 2.06.89 убакыт менен жаңылады.

Владислав Шулико баттерфляй ыкмасында 100 метрге сүзүп, алтын медаль алды. Денис Петрашов брасс ыкмасы менен сүзүүдө 50 метр аралыкта биринчи орунду камсыздады.


Словакиядагы Гран-при — Олимпиада-2020 үчүн лицензиялык мелдеш.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18