USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргыз-казак мамилеси. Коңшу тарап айыл чарба продукциясына койгон чектөөнү алды

14:19, 01 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда айыл чарба продукциясына киргизген убактылуу чектөөнү алып салуу тууралуу протоколго кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. 

Маалымдалгандай, кечээ Астанада вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Казакстандын өкмөт башчысынын орун басары менен жолукту. Анда эки тараптуу ветеринария, фитосанитария жана суу-энергетика чөйрөсүндөгү маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 19-февралда киргизилген Казакстанга картошка, алма жана курманы ташууга убактылуу чектөө киргизүүнү алуу боюнча протоколго кол коюлду. Мындан тышкары Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара тилкесинде көзөмөлдү алып салуу жөнүндө маселе талкууланды», — деп жазылат билдирүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18