USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанга электр лампочкасын ташып кирүүгө тыюу салуу сунушталды

10:43, 01 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Депутат Азамат Арапбаев Кыргызстанга электр лампочкасын (электр ичине зым же көмүр жип коюлган электр лампочкасы) ташып кирүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу ал КСДП фракциясынын отурумунда айтты.

Анын билдирүүсүндө, жергиликтүү калк энергияны үнөмдөй турган лампаларга өтүшү керек.

«Электр лампочкасын ташып кирүүгө тыюу салуу керек. Адистердин айтымында, 200 мегаватт электр энергиясы үнөмдөлмөкчү. Мында калкка эч кандай зыяны тийбейт. Албетте, электр энергиясын үнөмдөй турган лампалар кымбат турат, бирок алар көпко чейин чыдамдуу болот», -деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18