USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Google, Facebook жана Twitter убадаларын аткарбаганы үчүн сынга кабылды

09:10, 01 марта 2019, Бишкек - 24.kg

Google издөө кызматы жана Facebook менен Twitter социалдык түйүндөрү такталбаган маалматтарга каршы күрөшүү боюнча убадаларын аткарбай жатышат. Бул тууралуу Еврокомиссиянын 28-февралдагы билдирүүсүндө айтылат.

Мекеменин ырасташынча, Facebook макулдашууларга карабастан, жаңылтууга алып келген жарнамалар боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгын көрсөткөн эмес. Google жалган маалыматтардан арылуу үчүн кандай иш жасалганын түшүндүргөн жок. Twitter жарнамаларды жайгаштырууну көзөмөлдөөнү жакшыртуу боюнча жыйынтыктарды берген эмес.

Билдирүүдө Европарламенттеги шайлоонун алдында компанияларда эч кандай жылыш байкалбай жатканы айтылган.

2018-жылы күзүндө Евробиримдик такталбаган маалыматтарга каршы күрөшүү боюнча Facebook, Twitter жана Google менен ыктыярдуу регламент түзгөн. Документте саясий рекламаларга атайын белги коюу, туура эмес маалыматтарды тараткан интернет-ботторго каршы күрөшү каралган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18