USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Күн тартиби. Эртең КСДП фракциясы гана жыйын өткөрөт

10:28, 28 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы өлкөнүн энергетикалык коопсуздук маселесин талкуулайт. Бул боюнча парламенттин сайтында маалымдалат.

Фракция өкмөттүн энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, энергетика секторун өнүктүрүү багытындагы иши тууралуу отчет укмакчы. Андан тышкары, CASA 1000 жана башка энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлор дагы талкууланат.

Жыйында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон өкмөт мүчөлөрү отчет берет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18