USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ысык-Көлдүн 57 жаштагы тургуну 550 грамм гашиш менен кармалды

14:06, 26 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлдүн 57 жаштагы тургуну 550 грамм гашиш менен кармалды. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка таянсак, аталган жарандын үйүн тинтүү учурунда 8 килограмм 100 грамм марихуана табылды.

Кармалган киши мурда да мал уурулук менен бир нече ирет соттолгону аныкталды.

«Ысык-Көл районунун тургуну баңги затынын ири көлөмдөгү партиясын үйүндө сактап, аны сатууга аракеттенип жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам-иликтөө тобунун кызматкерлери баңги затын сатып алууну көздөгөн кардар катары шектүү менен жолугушуп, ширеңке кутуларына салынган 550 грамм гашиш менен кармашты», -деп билдиришти ОИИБдан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18