USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кара-Кол шаарынын 150 жылдык мааракеси сентябрда белгиленет

17:30, 25 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесине карата бир катар иштер аткарылып жатат. Бул тууралуу шаар мэри Адыл Каниметов билдирди.

Айтымында, мааракеге карата бир айлык марафон жарыяланат. Андан түшкөн каражаттын эсебинен ар кандай курулуштар жүргүзүмөкчү.

«Бул жылы шаардын бюджети былтыркы жылга салыштырмалуу 35 миллион сомго көп, алдыда 120 орундуу бала бакча курулат. Ага жергиликтү бюджеттен 40-50 миллион сом каралат. Мындан тышкары Шапак баатыр көчөсү менен Кыдыр Аке көчөсү оңдолот», -деди шаар башчысы.

Эске салсак, шаардын 150 жылдык мааракеси сентябрда белгиленет. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18