USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Биометрикалык паспорт үчүн бланк. Тендердик комиссияга карата арыздар негизсиз

09:51, 25 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Көз карандысыз комиссия биометрикалык паспорттор үчүн бланктарды сатып алууга жарыяланган тендер боюнча баардык арыздарды негизсиз деп тапты. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.

Тендердин катышуучусу Muhlbauer ID Services GmbH сынактын жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча арыз жазган. Компания Garsu Pasaulisтун документин текшерүүнү суранууда.

Ведомстволор аралык көз карандысыз комиссия Garsu Pasaulisтун сынактык билдирмесин карап чыгып, баардык квалификацмялык талаптарга жооп берет деген чечимге келди. мындан улам Muhlbauer ID Services GmbH компаниясынын арызын негизсиз деп тапты.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18