USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Коррупцияга каршы кызматтын жасалма күбөлүгүн колдонуп жүргөн киши кармалды

08:44, 22 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өзүн Коррупцияга каршы кызматтын өкүлүмүн деп алдап акча алып жүргөн кишини кармады.

Маалыматтарга караганда, 38 жаштагы киши УКМКнын жасалма күбөлүгүн колдонуп, Талас облусу боюнча Жол-эксплуатациялык башкармалыгынын № 3 аймактык бөлүмүн мыйзамсыз негизде текшерүүгө аракет жасаган.

Ал маал-маалы менен аймактардагы мамлекеттик мекемелерди текшерип, «мыйзам бузууларды ачыкка чыгарбайм» деген шылтоо менен пара алып турган.

Шектүү Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал жалган документ жасоо жана колдонууга айыпталууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18