USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн боюн таштаган кыз уурулукка шектелүүдө

15:11, 21 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн боюн таштаган кыз уурулукка шектелүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жабырлануучу батирде бала багуучу болуп иштеп жаткан.

«17 жаштагы кыздын ата-энеси Орусияда иштеп жүргөнү аныкталды. Ал Бишкекте чоң апасы менен жашачу. Алдын ала алынган маалыматка караганда, батирдин ээси кызды уурулукка айыптаган. Ал бөлмөгө бекинип алып өз өмүрүн кыюуну чечкен. Милиция кызды жаман ойдон кайтууга чакырган, бирок өспүрүм аларды угуп да койгон эмес. Эшикти талкалап киришкенде кыз терезеден секирип кеткен», -деп билдиришти укук коргоо органдарынан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18