USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Коопсуз шаар. 8 күндө 50 миң жаран жол эрежесин бузуу боюнча айыппулду текшерди

09:39, 21 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден кийинки 8 күндө 50 миң жаран жол эрежесин бузуу боюнча айыппулду текшеришти. Бул тууралуу «Инфоком» мекемесинен билдиришти.

Буга чейин «Инфоком» жол эрежелерин бузуу боюнча айыппулду текшерүү үчүн жаңы онлайн-сервисти ишке киргизген. Текшерүү үчүн юридикалык жактын ПИНди же ИННди жана унаанын мамлекеттик номурун киргизүү керек.

portal.srs.kg де «Унаа» бөлүмүндө белгилүү бир жарандардын катталган унаалары тууралуу маалымат алса болот. Бул кызматтан 10 миң киши пайдаланган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18