USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Москвага жумуш издеп кеткен кыргызстандык изделип жатат

16:34, 20 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылынын тургуну 26.11.1998-жылы төрөлгөн Сатимамат уулу Максатбек изделүүдө. Бул тууралуу социалдык түйүнгө жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Сатимамат уулу Максатбек Москвада болжол менен жети күн мурун үйдөн жумуш издөө максатында чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. 

«Максатбектин Москвага биринчи жолу келиши экен. Бирге жашаган батирдин кожоюну жумуш маселеси чечилбей оор абалда жүргөн деди. Акыркы жолу үйдөн чыкканда үстүндө кара шапка, кара узун куртка, көгүш-кара шым, бутунда кара кроссовка болгон», -деп айтылат маалыматта.

Маалыматы барлар 89663527707 телефонуна билдирип койсо болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18