USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чүйдүн башчысы Туйгуналы Абдраимов өкмөт башындагыларга каршы пикир айтты

16:50, 15 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов өкмөттүн жыйынында район акимдерин иштен алуу сунушуна каршы пикирин билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Чүй облусунун Кемин жана Москва райондорунун акимдерин кызматтан бошотууну сунуштады.

Ага Туйгунаалы Абдраимов каршы чыгып, өкмөт башчыларын кеңешип иштөөгө чакырды.

«Катуу кеттиңерго. Кеңешип иштесеңер. Акимдердин айрымдарынын өздөрү арызын көтөрүп келишкен», — деди ал.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун мурдакы башчысы Эмил Каптагаев Туйгуналы Абдраимовдун экс-президент Алмазбек Атамбаев кайра жарашканын, чогуу чайлашып келгенин Фейсбукта жазган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18