USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жолбун иттер үчүн жай ачуу сунушталды

10:25, 12 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда жолбун иттер үчүн жай ачуу сунушталды. Бул тууралуу кезектеги сессияда Сайдахмат Исмаилов айтты.

«Балдар эртең менен сабакка жөнөп жатканда караңгы экенин баарыбыз билебиз. Шайлоочулар жолбун иттердин көптүгүн айтып кайрылышууда. Мэрияга иттерди кабыл ала турган жай ачуу үчүн каражат табууну сунуштайм. Муниципалитет иттерди аттууга каражат коротуп жатат, бирок бул таш боордук. Бул акчага жай ачуу керек», -деди ал.

Депутаттар аталган маселени «Ар кандай маселелер» бөлүмүнө киргизүү үчүн добуш беришти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18