USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ата-Мекенди коргоонун эл аралык күнүнө карата кошумча дем алыш болбойт

15:09, 08 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

23-февраль -Ата-Мекенди коргоонун эл аралык күнүнө карата кошумча дем алыш болбойт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-февраль ишембиге туш келет. Эмгек кодекси боюнча дүйшөмбү 25-февраль дем алыш күн болушу керек.

Бирок, өкмөттүн буйругу менен 25-февралды 2-январга жылдырып, кыргызстандыктар 1-январдан 7сине чейин эс алышкан. Мындан улам, 25-февраль иш күн болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18