USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Былтыркы жылдагы киреше жана чыгашалар боюнча декларация кабыл алына баштады

17:55, 07 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

2018-жылдагы киреше жана чыгашалар боюнча декларация кабыл алына баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылдагы кирешелери тууралуу салык органдарына отчёт берүүлөрү керек. Андан сырткары декларацияга жер участоктору, мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар камтылуусу керек.

«1-мартка чейин декларацияны ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен өлкө аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү. 1-апрелге чейин декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар тапшырат. Ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар да декларацияны тапшырууга милдеттүү», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18