USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Былтыр Кыргызстанда жемкорлук фактысы боюнча 288 кылмыш иши козголду

11:41, 07 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

2018-жылы Кыргызстанда жемкорлук фактысы боюнча 288 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат жыйында Коопсуздук кенешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Ал Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралында өткөн жемкорлук менен күрөшүү боюнча жыйынынын жыйынтыгын чыгарды.

Дамир Сагынбаевдин айтымында, козголгон кылмыш иши боюнча келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 7 миллиард сомго жакын экенин айтты.

«9 иш сотко жиберилди, 10 иш боюнча тергөө аракеттери аяктоо алдында турат. 82 кызматкерге айып тагылып, анын 44ү камакка алынды», -деди катчы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18