USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкек муниципалдык коомдук транспорту кадимки режимде иштеп жатат

15:42, 06 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек муниципалдык коомдук транспорту кадимки режимде иштеп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда линияда 2 миң 100 даана транспорт иштеп жатат. Анын ичинен 88и автобус, 1 мин 806 кичи автобус жана 135 троллейбус.

Эске салсак, буга чейин Бишкекте троллейбустук башкарамалыгынын станциясында авария болду. Маалыматка ылайык, окуя болгон жерде бригада иштеди. Троллейбустар Манас проспектиси боюнча Бөкөнбаевден Жибек Жолуна чейин, Киев көчөсү жана Жибек Жолу проспектисинде токтоп калган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18