USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Азия кубогунан кийин өзгөрүүлөр. Кыргыз футболчусу «Андижан» клубуна өттү

15:05, 06 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Ахлидин Исраилов Өзбекстандын футболдук клубу менен келишим түздү. 

Кыргыз футболчусу Өзбекстандын Суперлигасында күч сынашып келген «Андижан» футболдук клубунун катарына кошулду.

Белгилүү болгондой, Ахлидин Исраилов Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогунда Кытай курамасына каршы беттеште гол киргизген. Бул гол Кыргыз улуттук курама командасы үчүн Азия Кубогунун алкагында биринчи гол болгон.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18