USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ош шаарына 3 миң бак-дарак отургузулат

17:02, 01 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Ош шаарына 3 миң бак-дарак отургузулат. Бул тууралуу шаардын мэриясынан билдиришти. 

Бүгүн кааланын Насирдин Исанов көчөсүнө ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду. Көчөт отургузуу иш-чарасына шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, жашоочулар жана тиешелүү ишканалардын кызматкерлери катышты. Калаа башчысы көчөттөрдү отургузуу иштери уланаарын, дарактарды сакташ керектигин айтып өттү.

Шаардагы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын алынган маалыматтарга караганда быйылкы жылы 3 миңге жакын дарак отурзулат. Миңдей дарак ийне жалбырактуу арчалар. мындан тышкары 2 млн даанадай түрдүү гүлдөрдү эгүү пландалууда.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18