USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Балдардын онкологиялык жана гематологиялык бөлүмүнүн имараты 2 кабатка кыскарды

12:15, 01 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Балдардын онкологиялык жана гематологиялык бөлүмүнүн имараты жана Улуттук онкологиялык жана гематологиялык борбордун чоңдор үчүн гематологиялык бөлүмдүн жаңы имараттарын куруу иштери эки кабатка кыскартылды. Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Айтымында, имараттын курулушуна 364 миллион сом каралган. «Имарат 5 кабаттуу болот. Учурда 4-кабатында иштер жүрүп жатат», -деди Алтынай Өмүрбекова.

Белгилей кетсек, 7 кабаттуу имараттын жалпы сметалык баасы 371 миллион сомго бааланган.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18