USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Бизнес жүргүзүү» рейтинги боюнча Кыргызстан 70-орунда турат

15:14, 31 января 2019, Бишкек - 24.kg

Дүйнөлүк банктын «Бизнес жүргүзүү» рейтингинде Кыргызстан 7 көрсөткүч боюнча ордун жакшыртты. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин жыйында билдирди.

«Атаандаштыктын глобалдык көрсөткүчүндө биз өз позициябызды 5 көрсөткүч боюнча жакшыртып, дүйнөнүн 140 өлкөсүнүн ичинде 97-орунда турабыз. Экономикалык эркиндик рейтингинде Кыргызстан 89-орундан 78-орунга көтөрүлгөн», -деди өкмөт башчы.

Глобалдык инновациялык көрсөткүч-2018 маалыматына ылайык, республика бир жылдын ичинде IT-кызматтарын экспорттоо көлөмү боюнча позициясын жакшыртып, 93-орундан 34-позицияга жылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18