USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Былтыр атамекендик спортчулар жалпы 499 медаль жеңип алышкан

09:28, 31 января 2019, Бишкек - 24.kg

2018-жылы атамекендик спортчулар ар кыл ири эл аралык спорттук иш-чараларда 499 медалды жеңип алган. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин коллегиялык жыйынында айтылды.

«2019-жылдан тарта машыктыруучулардын эмгек акысын жана спорттук стипендияларды жогорулатуу, ошондой эле Ысык-Көлдүн жээгинде бардык эл аралык стандарттарды эске алуу менен олимпиадалык борбордун курулушун баштоо жөнүндө чечим биздин спорттун келечектүү өсүүсүн өбөлгөлөйт деп ишенебиз», — деди жыйынга катышкан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр кошумчалагандай, 2019-жылы төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл буруу зарыл:

— 2020-2030-жылдарга карата Жаштар саясатын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу;

— Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында «Балдар жана жаштар үчүн ыңгайлуу шаарлар» долбоорун ишке ашыруу;

— «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук тутуму аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түргө которуу;

— спорттун массалык түрлөрүн, анын ичинде футбол жана башкаларды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү программаларын иштеп чыгуу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18