USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Зордуктоого шектүү делген жаранга карата кылмыш иши токтотулду

09:09, 31 января 2019, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облустук соту зордуктоого шектүү делген 23 жаштагы Ш.К.га карата өндүрүштүк кылмыш ишин токтотту.

Буга чейин Жалал-Абад шаардык соту шектүүнү 11 жылга эркинен ажыраткан. Апелляциялык арызда айыпталуучу милициянын кыйноо көрсөткөнүн айткан.

«Айыпталуучу күнөөнү мойнуна алган жок. Буга чейин кыйноолор болгонун да айткан эмес. Анткени укук коргоо органынан корккон. Ал жабырлануучуну дагы билген эмес», -деп жазылат маалыматта.

Жабырлануучу Ш.К.нын айтымында, шектүү аны темир жолдон зордуктоого аракет кылган. Жакын арада турган бир аял кыйкырып жибергенде, шектүү качып кеткен. Жабырлануучу коомдук айып тагуудан баш тартып, шектүүнү кечиргенин айтты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18