USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жыл башынан бери Кыргызстанга келген жүк 200дүн саны 19га жетти

14:20, 29 января 2019, Бишкек - 24.kg

Жыл башынан бери Кыргызстанга келген жүк 200дүн саны 19га жетти. Бул тууралуу маалымат жыйында Миграция кызматынын өкүлү Алмаз Алыбаев билдирди.

Айтымында, 18 кыргызстандык жаран Орусияда каза болушкан.

«Азыркы тапта биз жүк 200дү ташууга кеткен чыгымдарды төлөп берүү тууралуу 20 арызды карап жатабыз. Дагы бир жаран былтыр каза тапкан. Баарына биригип 1 миллион сом төлөнүшү керек», -деди ал.

Эске салсак, жүк 200дү ташуу үчүн 50 миң сомдон төлөнөт.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18