USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жаңы Жазык кодекси боюнча 2019-жылы 350гө жакын соттолуучу эркиндикке чыгат

13:54, 24 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда Жазык кодексине өзгөртүү киргизилиши менен 2019-жылы 350гө жакын соттолуучу эркиндикке чыгат. Бул тууралуу маалымат жыйында ЖАМКтын өкүлү Бакыт Термечиков билдирди.

Айтымында, анчалык оор эмес кылмыш үчүн соттолгондор эркиндикке чыгат.

«Аялдар колониясынан болжол менен 9 соттолуучу чыгат. Жашы жете электер арасынын эркиндикке чыгышпайт, анткени баары оор кылмыш жасагандар. Алдын ала алынган маалыматка караганда, колониядан жалпы 350гө жакын киши чыгат», -деди Бакыт Термечиков.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18