USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектин социалдык кызматкерлерине бирдиктүү атайын кийим беришти

09:45, 24 января 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин социалдык кызматкерлерине бирдиктүү атайын кийим беришти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, шаардык бюджеттин эсебинен ысык тамак-ашты жеткирүү үчүн идиш, кан басымды өлчөй турган курал жана аптечка сатып алышты.

Социалдык өнүгүү райондук башкармалыгында 84 социалдык кызматкер иштейт. Алар 684 үйдү (жалгыз жашаган пенсионерлерди, мүмкүңчүлүгү чектелген жарандарды) тейлешет. Аларга азык-түлүк, дары-дармек жактан жардам берип, керектүү жардамдарды кылып турушат.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18