USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Кыргызстан Бириккен Араб эмираты менен футбол ойнойт

11:16, 21 января 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Кыргызстан Бириккен Араб эмираты менен футбол ойнойт.

20-январда кечинде Азия кубогундагы финалдын 1/8 бөлүгүнүн оюндары башталды. Буга чейин Кыргызстан менен бир тайпада ойногон кытай футболчулары жекшембиде Таиланд менен кездешип, 2:1 эсебинде утуп, 1/4 финалдык бөлүккө жолдомо алды.

Иран командасы Оманды 2:0 эсебинде ишеничтүү жеңип, кийинки финалдык бөлүккө өттү.

Ал эми Иордания оюнга чейин Вьетнамдан күчтүү болгону менен кечээ негизги убакытты 1:1 эсебинде жыйынтыктап, пенальтиден 4:2 эсебинде утулуп, чемпионат менен кош айтышты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18