USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Дүйшөмбүдө Бишкектеги 4 100 керектөөчү электр жарыгы жок калат

17:16, 18 января 2019, Бишкек - 24.kg

21-январь дүйшөмбүдө «Түндүк Электр» ААКсы Бишкектеги 4 100 керектөөчүнүн электр жарыгын төлөмдөрдү учурунда жүргүзбөгөндүгү үчүн өчүрөт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, 7,1 миллион сомдук төлөмдөр учурунда аткарылган эмес.

«Баардык абоненттерге электр жарыгына болгон төлөмдөрдү өз учурунда жүргүзүп турууну эскертебиз», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, тургундар учурунда акча төлөбөсө, жарык дистанциондук түрдө өчүрүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18