USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Алматыда тик учак кулады

08:52, 18 января 2019, Бишкек - 24.kg

17-январда Алматыга жакын жерде жеке компанияга таандык тик учак жергиликтүү санаторийдин аймагына кулап, учкучу мерт болду.

Жарандык авиация комитетинин басма сөз катчысы Нурсултан Нурахметов билдиргендей, окуя жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат төрттө болгон. Sky Service авиакомпаниясына таандык Eurocopter-130 үлгүсүндөгү тик учак «Алатау» санаториясынын аймагына кулаган.

Жарандык авиация комитети маалымдагандай, тик учуктын бортунда бир гана учкуч — аба кемесинин командири Валентин Шитов болгон. Ал тез жардам унаасында көз жумган.

Маалыматтарга караганда, Eurocopter-130 үлгүсүндөгү тик учак Боралдайдан Чоң Алматы көлүнө учуп бараткан.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18