USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Аянттагы митинг. 5 кишиден турган топту Жогорку Кеңештин төрагасы кабыл алат

14:33, 17 января 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митингчилердин талаптарын угуу үчүн 5 кишиден турган топту Жогорку Кеңештин төрагасы кабыл алат.

Эске салсак, бүгүн аянтта кытайлык экспансияга каршы акция өтүүдө. Ага 200дөй киши катышып жатат.

Акциянын уюштуруучулары бийликке өз талаптарын коюшууда. Талаптардын арасында элдик көзөмөл түзүү, Кытай жарандарына берилген визалардын санын кыскартуу, алынган кытайлык насыяларды текшерүү, алардын негиздүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн текшерүү бар. Эгерде негизсиз болгон болсо, түзүлгөн комиссия акча кимдин капчыгына түшкөнүн аныкташы керек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18