USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кытайлык экспансияга каршы митинг. Ала-Тоо аянтында киши аз

10:48, 17 января 2019, Бишкек - 24.kg

Уюштуруучулар тарабынан пландалган саат 10догу митинг азырынча баштала элек. «Кырк чоро» кыймылынын кытайлык экспансияга каршылык көрсөтүү боюнча акциясына катышууну каалагандар жокко эсе. 

Учурда Ала-Тоо аянтында аз санда гана киши жүрөт.

Митингдин уюштуруучуларынын бири Аманбол Бабакуловдун айтымында, эл митингге катышуудан коркуп жатат.

«Кечээ баары чыгабыз деп даяр турушкан. Бирок, көпчүлүгүнө кысым жасашты, мындан улам коркуп жатышат», -деди ал. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18