USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандын өкмөтү түкүрүк үчүн айыппулду азайтат

12:23, 15 января 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын өкмөтү түкүрүк үчүн айыппулду азайтуу ниетинде. Бул тууралуу маалыматы жыйында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Айтымында, түкүрүк үчүн 5,5 миң сом «Таштанды таштоо жана өрттөө» беренесинде айтылган.

«Бул учур коомдук резонансты жаратты. Премьер-министр бир канча кеңешме өткөрдү. Бузуулар тууралуу Кодексте белгилүү бир жерлерде тамеки чеккендер үчүн берене бар. Анда 1 миң сом айып каралган. Чылым чегүү менен түкүрүк үчүн айыптар окшош болуш керек деп эсептейбиз», -деди Жеңиш Разаков.

Ал кошумчалагандай, Жогорку Кеңеште бузуулар тууралуу Кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу 3 мыйзам долбоору бар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18