USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Учактын кулашы. Кырсыкта борттун инженери гана аман калды

14:22, 14 января 2019, Бишкек - 24.kg

Жүк ташуучу Boeing 707 учагы кырсыктагандан кийин  болгону бир киши, борттун инженери аман калды. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазды.

Маалыматка караганда, учактын бортунда баардыгы 16 киши болгон. Буга чейин учакта 10 киши болгону кабарланган.

Окуя болгон жерде 7 кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Ирандын өзгөчө кырдаалдар боюнча башкармалыгы билдирди.

Учак Бишкектен учуп чыккан. Ал Кыргызстандан тоңдурулган эттерди Иранга ташып турган. Бул жолу учакта 30 тонна эт жүктөлгөн болчу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18