USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Суроо-жооп. Үч талактан кийин жарашуун бир гана жолу бар

11:52, 11 января 2019, Бишкек - 24.kg
24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Ажырашкан аял күйөөсү менен кайра жарашуу үчүн сөзсүз күйөөгө тийип чыгуу керекпи?

Жооп: Күйөөсү үч жолу талак берсе, түгөйлөр кайра кошула албайт. Бул биротоло ажырашуу. Ал аял менен эркек бири-бири үчүн тыюу салынат. Алар кайра нике кыйып дагы кайра жашай албайт.

Кайра нике кыюу үчүн аял турмушка чыгып, ажырашышы, же жесир калышы керек. Идда мөөнөтү бүткөндөн кийин мурдакы күйөөсү менен никеге тура алат. Бул ислам тахлиль деп аталат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18