USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкек-Торугарт айланма жолунда айдоочу тартип сакчысын өлтүрө сүзүп кетти

17:10, 10 января 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Торугарт айланма жолунда айдоочу тартип сакчысын өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

«Окуя болжол менен бүгүн түнкү саат 1де болгон. Жабырлануучу алган жаракатынан улам кырсык болгон жерде көз жумду», -деп билдиришти ИИМден.

Качып кеткен айдоочуну кармоо планы жарыяланды. Каза болгон тартип сакчы Нарын облусунда криминалдык милиция кызматында эмгектенгени аныкталды. Ал Бишкекке уулун дарылатуу үчүн келген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18